Таабалдиев (Кубан Абдымен) Кубанычбек

Таабалдиев (Кубан Абдымен) Кубанычбек (1956-ж.т., Ысык-Көл обл., Каракол шаары) - журналист.

  • 1979-жылы Новосибирск шаарындагы Академ городокто мамлекеттик университетти физика кесиби боюнча аяктаган.
  • 1979-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы политехникалык институтта илимий кызматкер болуп иштеген.
  • 1987-89-жылдары мурдагы институтта илимий кызматкер болуп иштеген.
  • 1989-1992-жылдары Москва мамлекеттик университетинин механика математика факультетинин аспиранты болуп окуган жана 1993-жылы МГУда аэродинамика багытында физика-математика илиминин кандидатына диссертация жактаган.
  • 1990-1992-жылдары Москвадагы "Независимая газетасынын" Борбордук Азия жана Кыргызстан боюнча кабарчысы болуп иштеген.
  • 1993-94-жылдары Бишкекте "Кут билим" гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеп, саясый-коомдук темаларга арналган көпгөгөн макалаларды жарыялаган.
  • 1994-95-жылдары АКШда Иллинойс штатында Бредли университетинин коммуникация кесиптиги боюнча стажировкадан өткөн.
  • 1995 -96-жылдары Бишкектеги АКШ элчилигинин ЮСИА бөлүмүнүн коомдук иштер бойунча кеңешчиси болуп иштеген.
  • 1996-98-жылдары Би-Би-Си радиосунун Дүйнөлүк кызматынын Борбордук Азия бөлүмүнүн продюсери болуп эмгектенген. Англис жана орус тилдеринде бир топ макалаларды жарыялаган.
  • 1998-2006-жылдары Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору болуп эмгектенген.
  • 2006-07-жылдары АКШда Фулбрайт программасынын катышуучусу катары Монтана штатыңдагы Монгана университетинде Американын аймактык жана регионалдык массалык маалымат каражаттарынын абалы боюнча изилдөө жүргүзүп, бир нече эл аралык конференцияларда Кыргызстандагы абал жана ММКлары боюнча докладдарды жасаган.
  • 2002-жылдан бери Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация жагында журналистика бөлүмүнүн улук окутуучусу болуп эмгектенген.
  • 2008-жылы "Zpress.kg" маалымат агенттигинде, анын жетекчиси болуп иштейт.
  • 2010-жылдын аягында Кыргыз өкмөтүнүн Аппаратынын Маалымат бөлүмүнүн жетекчиси болуп, 2011-жылдын февралына чейин эмгектенген.

2011-жылдын 11 февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору болуп экинчи жолу дайындалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4