Таажывирус инфекциясы боюнча тест жүргүзүү

Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, COVID-19 оорусун SARS-CoV-2 таажывирусу козгойт экен. Адамдын организиминде бул вирустун барлыгын аныктоо максатында 400дөн ашуун ар түрдүү тесттер иштелип чыккан[1]. Алар төмөнкү адамдарга сунушталат:

  • COVID-19 белгилери бар адамдар[2],
  • COVID-19 диагнозу коюлган, жугуштуу адам менен тыгыз байланышта болгон адамдар (жалпысынан 15 мүнөттөн ашык жана андан ашык),
  • бул текшерүүгө райондук дарыгери, жергиликтүү жана мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан жиберилген адамдар,
  • эл аралык саякатка чыккан адамдар[2].
SARS-CoV-2 таажывирусу

Адамдын организминде таажывирустун барлыгын аныктоочу тесттердин түрлөрү түзөтүү

Жалпысынан, аларды 3 топко бөлүүгө болот:

  • полимераз чынжыр реакциясы боюнча тест (ПЧР тест; элге “ПЦР тест” деген орусча аталышы көбүрөөк белгилүү);
  • вирустук антиген боюнча тест (ИФА тест, ИХА тест);
  • вируска каршы антитулкулар (антитела) боюнча серологиялык тест.

ПЧР тест жана антиген боюнча тест кишинин организминде таажывирус инфекциясынын бар же жок экенин аныктоо үчүн колдонулат. Ал кишинин вирусту жуктурушу ыктымалдыгын да аныктоого мүмкүндүк берет. кишинин организминде мурда SARS-CoV-2 вирусу болгон-болбогонун аныктоо үчүн антитулкулар боюнча серологиялык тест колдонулат.

ПЧР тест түзөтүү

 

ПЧР – полимераздык чынжыр реакциясы (ПЧР, PCR). Полимераз чынжыр реакциясын изилдөө усулу молекулярдык биологиянын түпкүлүктүү усулдарынын бири болуп саналат. ПЧР тест – бул “молекулярдык биологиянын биологиялык материалдагы аз топтолгон нуклеин кычкылынын (ДНК) айрым фрагменттерин кыйла чоӊойтуу ыкмасын колдонгон эксперименталдык усулу”[3]. Азыркы кезде бул кишинин организминде вирустун барлыгын аныктай турган эӊ так усулдардын бири болуп саналат. ПЧР тест таажывирусту, вирустук гепатитти, кургак учукту, энцефалитти, КИВ-инфекцияны, жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларды жана башка жугуштуу ооруларды аныктоо үчүн колдонулат.

Анализ жүргүзүү үчүн биологиялык материал катары эмне алынат? түзөтүү

Анализ үчүн пациенттин мурдунан жана жуткулугунан сүртүм (б.а. ДНКны камтыган генетикалык материал) алынат. Айрым учурларда изилдөө үчүн өпкөдөн чыккан какырык да пайдаланылышы мүмкүн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларды SARS-CoV-2 инфекциясына текшергенде, аларды "териде пайда болушу мүмкүн болгон вирустун бөлүкчөлөрүн тазалоо үчүн төрөлгөндөн кийин жууш керек". Адатта, бул анализ төрөлгөндөн кийин 24 жана 48 саат өткөндөн кийин жүргүзүлөт[4].

Алынган материалдарда вирус табылбаса, бул кишинин жугуштуу инфекцияга чалдыкпагандыгын билдирбейт, анткени ал организмдин башка бөлүктөрүндө болушу ыктымал. Дал ошондуктан мурда COVID-19 менен ооруган адамдардан ПЧР оӊ натыйжа көрсөткөн учурлар кездешет.

ПЧР анализди догдур пациенттин үйүндө да, амбулатордук борбордо же стационарда да алса боло берет.

ПЧР боюнча экспресс-тест түзөтүү

ПЧР боюнча экспресс-тест – бул лабораторияда өткөрүлүүчү классикалык ПЧР-тесттин альтернативасы, ал кыдырганда, чакыруу менен барганда атайын жабдуу менен алынат. Лабораториялык изилдөөгө узак убакыт (бир нече күнгө чейин) талап кылынат, ал эми экспресс-тестке бир саатка жетпеген (45 мүнөттөй) эле убакыт керек. Экспресс-тесттин ыктымал изилдөөлөрүнүн саны 80ден ашпайт, ал эми лабораториялык изилдөөлөрдүкү миӊге жакын.

Вирустун антитулкусу боюнча тест (ИФА тест, ИХА тест) түзөтүү

 

ИФА - иммунофермент анализи. ИФА тест – бул вируска иммундук жоопту аныктоо үчүн канды изилдөө. Ал “антиген-антитулку” бөтөнчө реакциясы аркылуу “бирикмелер/макромолекулалар/вирустарды” аныктайт. Түзүлгөн комплексти ферменттин жардамында айкындашат[5]. Антитулкунун табияты - анын антигенден коргоочу экендиги. Конкреттүү антиген бар болсо, конкреттүү антитулку ага биригет, бул лабораториялык изилдөөдө көрүнөт. Бул усул менен вирусту да, сакайгандан кийинки андан калган издерди да айкындоого болот.

ИФА усулу кишинин канында антигендерге карата иммуноглобулиндердин (SARS-CoV-2ге карата IgG менен IgM’дин) барлыгын жана алардын санын айкындоого мүмкүндүк берет. кишинин COVID-19га чалдыгар-чалдыкпастыгын билүү үчүн М иммундук жоопту көрсөтүүчү иммуноглобулиндер боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Өз кезегинде G иммуноглобулиндер кишинин ооруп айыккандыгын жана вируска каршы иммунитеттин бар экендигин билдирет[6].

ИФА тесттин жыйынтыктары дээрлик 100% анык болот.

Вирустун антигенине экспресс-тест түзөтүү

Иммунохемилюминесценттик анализ (ИХА тест) – бул ИФА тесттин альтернативасы, вирустун антигенин аныктайт. Ал  IgM же IgG антитулкуларын да аныктоого мүмкүндүк берет. Жыйынтыгын 10-20 мүнөттө алууга болот.

Аны жүргүзүү үчүн лабораториялык жабдуу зарыл эмес: тест тилкечеге же кассетага кишинин канын эле сүртүп койсо, жетишет. Эгер бир тилке көрүнсө, антитулку табылбаганы. Эггер кандан антитулкулар табылса, тийиштүү түрдө тилке-маркеллер көрүнөт[7].

Вируска каршы антитулку боюнча серологиялык тест (ELISA) түзөтүү

 

Бул тест кишинин канынан SARS-CoV-2 вирусунун өзүн табуу максатында эмес, ага карата иммун тутумунун реакциясын изилдөө максатында жүргүзүлөт. Эгер организмде антиген бар болсо, организмдеги антитулкулар иммунитеттин ишин активдештирет.

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, таажывирус инфекциясына антитулкулар COVID-19 жышаандары байкалгандан 9-10 күн өтмөйүнчө калыптанбайт да, 1,5 жыл бою сакталышы мүмкүн.

Антитулкулардын табылгандыгы кишинин таажывирус жуктуруп алганынан кабар берет (мында COVID-19 оорусунун кандай формада – атүгүл жышаансыз да) болуп өткөндүгү эч кандай мааниге ээ эмес.

Изилдөөнүн бул түрү вирус инфекциясынын таралуу масштабын аныктоо үчүн да колдонулат.

Анализ үчүн эмнелер биологиялык материал болуп саналат? түзөтүү

“Серологиялык изилдөө” – бул кандын сары суусундагы антитулкулар боюнча анализ жүргүзүү[8].  Антитулкулар боюнча серологиялык тест жүргүзүү үчүн кан алынат. Манжадан кан “вируска жооп катары организм иштеп чыккан антитулкуларды (кишинин иммундук клеткаларын)” изилдөө үчүн алынат[9]. Бул анализ катнаштан 7 күн кийин жүргүзүлөт. Кандан IgG, IgM антитулкулары да аныкталат, бирок анализ катнаштан 9-10 күн кийин жүргүзүлөт.

Изилдөөнүн жүргүзүлүш узактыгы – кан алынган учурдан тартып 48 саат.

Шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.dw.com/ru/novye-dannye-o-testah-na-koronavirus-chto-nuzhno-znat/a-53323300
  2. 2.0 2.1 Test for Current Infeaction. Center for Desease Control and Prevention
  3. ПЧР: бул эмне? Жугуштуу ооруларды полимераз чынжыр реакциясы аркылуу диагноздоо https://invitro.kg/for-clients/mat/1133/
  4. American Academy of Pediatrics. FAQs: management of infants born to mothers with suspected or confirmed COVID-19. Nov 2020 [internet publication].[1]
  5. Таажывирус боюнча ИФА тест жөнүндө эмнелерди билип алуу зарыл?
  6. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2020.
  7. Таажывируска каршы антитулкулар боюнча экспресс-тесттер кандай иштейт жана канча турат [2]
  8. COVID-19: Серология, антитулкулар жана иммунитет
  9. https://universum.clinic/testirovanie-covid-covid-19-ru