Таан (лат. Corvus monedula, L. 1758) – каргалар тукумундагы куш. Дене узундугу 30 смге чейин, салмагы 140–220 г өңү кара, башы, мойну, көкүрөгү көгүштүк Европа, Азия, Түндүк-Батыш Африкада таралган. Кыргызстандын бардык жеринде, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте кездешет. Дарак коңулдарына, аска-таш жаракаларына, үңкүр, ийиндерде 2–3төн, кээде топтошуп уялашат да 4–6дан жумуртка тууйт. Түндүк жактарда таан келгин куш болуп эсептелет. Көбүнчө түштүктө туруктуу жашайт. Ар кандай зыянкеч курт-кумурскаларды, айрыкча саратан коңуздарын көп жок кылып, пайдалуу.

Таан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү