Таар – ийрилген жүн же кебезден өрмөктө согулган одуракай материал. Таардын эни 30–35 смдей. Эриши ак, күрөң, боз түстө болуп, аркагы көбүнчө карадан жүгүртүлөт. Көчмөн мал чарбачылык турмушка байланыштуу пайда болгон. Таардан боз үй жасалгалары (тизгич боо, чалгыч боо, эшик боо, үзүк боо, түндүк боо, туурдук боо, тегирич, кереге таңгыч ж. б.), ат жабуу (дикек); куржун, шалча, баштык, дорбо, кап, кийим-кече (эркектердин чепкени жана шымы ж. б.). айрым аймактарда дасторкон да жасалган. Токулушуна карай таардын терме, кажары (букары), беш кеште ж. б. түрлөрү бар. Таар согууда кыргыздар ак, кара, кызыл көк түстөрдү (эриште) көп колдонот. Көркөмдөө ыкмасына карай терилип (терме таар) жана терилбей согулган түрлөрү болот. Азыркы учурда таар Кыргызстандын түштүгүндө кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү