Таасир этүү – адамдардын өз ара аракетинин натыйжасында, инсандын жүрүм-турумун, максаты менен ниетин, көз карашы менен мамилесин ж. б. өзгөртүүнүн абалы жана анын жыйынтыгы. Адатта багытталган жана багытталбаган таасир этүү деп экиге бөлүнөт. Эгерде биринчиде таасир этүүнүн механизми болуп акыл айтуу, ишендирүү, ынандыруу саналып, субъектин объектиден белгилүү жыйынтыкка жетишүүнү максат кылат. Ал эми экинчисинде жогорудагыдай атайын маселе коюлбаганы менен анын Таасир этүүүнүн, натыйжалуулугу тууроо, теңелүүгө умтулуу механизмдеринде байкалат. Таасир этүүнүн пайдасынын объективдүү критериясы болуп жалпы элдик жана коомдук кызыкчылыкка жооп бергени саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004