Табари, ат-Табари Абу Жафар Мухаммедибн Жарир (838 же 839, Амоль, Табарстан облусу, азыркы Иран – 923, Табарстан) – орто кылымдардагы көрүнүктүү араб тарыхчысы, адабиятчысы жана дин үгүтчүсү. «Тарых ар-расул ва-л-мулук» («Пайгамбарлардын жана падышалардын тарыхы») деген эмгектин автору. Бул эмгекте байыркы мезгилдеги жана орто кылымдагы Жакынкы Чыгыш, айрыкча араб халифтигинин 915-жылдарга чейинки тарыхы камтылып, көп окуялар так баяндалган. Табари куранга көп томдуу «Тафсир» деген түшүндүрмө жазып, андагы материалдарды сын көз менен талдаган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.