Табигый очоктуу оорулар — козгогучтары белгилүү аймактагы жапайы жаныбарлардын организминде мителик кылып, адамга муунак буттуулар аркылуу таралган жугуштуу оорулар. Табиятта алардын козгогучтары жолуккан аймак табигый очок деп аталат. «Табигый очоктуулук» түшүнүгүн 1938-ж. академик Е. Н. Павловский киргизген. Табигый очоктуу оорулардын козгогучтары жаныбарлардын арасында (көбүнчө куштар менен кемирүүчүлөрдүн) тынымсыз биринен экинчисине өтүп турат. Козгогучтарды бир жаныбардан экинчисине же кишиге чиркей, кене, бүргө, бит жана башкалар кан соргучтар таратат. Ошондой эле суу, тамак-аш менен да жугат. Табигый очоктор узакка (чексиз) сакталып, түрдүү оорулардын булагы болуп калат. Мындай ооруларга чума, туляремия, кене жана чиркей энцефалиттери, кутурма, лептоспироздор, баш келте жана башкалар кирет. Кишилер жана мал табигый очоктуу жерге кабылганда оору жугат. Табигый очоктор жай айларында активдүү болуп, көбүнчө мындай ооруга жаңы аймакты өздөштүрүүгө келгендер, мергенчилер, курулушчулар, геологиялык чалгынчылар чалдыгышат. Табигый очоктуу оорулардын алдын алууда кишилерге жана малга ал ооруларга (чума, туляремия, энцефалит, күйдүргү жана башкалар) каршы эмдөө жүргүзүлөт, ошондой эле козгогучтардын табигый булагынан (кемирүүчүлөр) жана аны ташыгычтардан (бүргө, чиркей, кене жана башкалар) коргонуу жана жок кылуу чаралары жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8