Табияттан тышкаркы күчтөр

Табияттан тышкаркы күчтөр - мифтик көз караш боюнча табияттын мыйзамдарынан жогору турган жана аларга баш иймек турсун аларды башкарган, таасир эткен күчтөр-кудайлар, периштелер, жин-шайтандар, ар түрдүү рухтар, дөөлөр ж.б.

Табияттан тышкаркы күчтөргө болгон ишеним үч бөтөнчөлүк менен мүнөздөлөт:

  • 1)ал күчтөргө болгон далилсиз эле ишенүү;
  • 2) андай динге ишенген адамдардын өз мамилесин ар дайым эмоционалдуу (кубаныч, тан, калуу, коркуу, жек көрүү ж.б. сезимдер) түрдө көрсөтүү;
  • 3) ал күчтөр адамдардын тагдырын аныктай алат жана адам өз тарабынан ага белгилүү жол менен таасир тийгизип, анын көңүлүн өзүнө бурат, боорукердик мамилесин пайда кыла алат деген ынанууну ичине камтыйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8