Табиятты пайдалануу, жаратылышты пайдалануу – 1) табигый ресурстардын жардамы менен адамзаттын керектөөсүн канааттандырууга багытталган өндүрүштүк иш-чаралардын коомдук чөйрөсү. Ал сарамжалдуу (рационалдуу) жана сарамжалсыз (рационалдуу эмес) болуп бөлүнөт. Табиятты сарамжалдуу пайдалануу табигый ресурстарды колдонууда аларды коргоо, үнөмдүү пайдалануу, келечек муун үчүн коомдун экономикалык өнүгүшү менен табияттын туруктуу өнүгүшүн эске алуу, адамзаттын ден соолугуна кам көрүү, табигый ландшафтты сактоо жана калыбына келтирүү өңдүү иш-чараларын өзүнө камтыйт. Табиятты сарамжалсыз пайдалануу табигый ресурстардын сапатынын төмөндөшүнө, чыгымдалышына, жок болушуна алып келип, чөйрөнүн булганышына, начар абалга туш болушуна себепкер болот. 2) табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун жалпы принциптерин, анын ичинде, жаратылышка таасирин тийгизген антропогендик факторлорду, алардын адам баласына таасирин анализдеп изилдөөчү илимий багыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү