Табулятор (лат. tabula - тактай, таблица, жазуу, документ) - перфорациялык картага көзөнөк түрүндө түшүрүлгөн сандуу жана тамгалуу информацияны автоматтык жол менен иштеп чыга турган жана натыйжасын кагаз тасмага же атайын бланкага (табуляграммага) жазып берүүчү электр-механикалык эсептегич машина.

Ал башкаргыч блоктон, перфокартадагы информацияны киргизгич түзүлүштөн, арифметикалык жана эске туткуч түзүлүштөрдөн, информацияны басуучу же перфокартага чыгаруучу түзүлүштөн жана жыйынтыктагыч перфоратордон турат. Берилген информациянын мүнөзүнө жараша Табулятор цифралуу жана алфавит-цифралуу болуп айырмаланат. Табулятор перфокартадагы информация боюнча түрдүү режимде иштей алат: информацияны сап түрүндө басат, жыйынтыгын кошот, кемитет жана салыштырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.