Табылгыты темир кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 70 км түштүк-батышта, Молдо-Тоонун түндүк этегинде. 1948-ж. табылган. Кен айма гын карбондун кумдук, сланец, акиташ тектери түзөт. Темир рудасы хлориттешкен көгүш боз сланецтин арасында катмарланып жатат. Катмардын калыңдыгы 19–58 м, узундугу 3250 м. Темир чөкмө жолу менен пайда болуп, метаморфизмделген. Негизги минералдары: гематит, лимонит, пирит, халькопирит, магнетит ж. б. Кендеги темирдин кондициялык өлчөмү 26,79–58,43%. Запасы С2 категориясы боюнча 40 млн т.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү