(1899, Чоң Алай өрөөнү, Чап айылы- 1973, ошол эле жер)- манасчы. Жомокчулукту чоң атасы Айдар Токтор уулунан (1835-1925) үйрөнгөн. Эпосту анын өз атасы Бекмурат да айткан. Оор турмуштун айынан Т. революцияга чейин эпосту сейрек айткандыктан билгендеринин көбү эсинен чыгып калган. «Манастан»: Манастын балалык кези, Накылайга үйлөнүшү жана Талас баатырдын жылкысын тийип, аны менен согушуп жарадар болгону жөнүндөгү окуяларды 1947ж. Каюм Мифтаков жазып алган. Андан «Эр Кошой» деген эпикалык чыгарма да жазылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4