Тагар маданияты – коло жана темир дооруна таандык (биздин заманга чейинки 9–3-кылым) археологиялык маданият. Енисей дарыясындагы Тагар жергесинин атынан аталып калган. Тагар маданияты негизинен Минусин аймагы, Хакасия жана Красноярск крайынын түштүгү, Батыш Саян, Абакан тоо кыркалары, Кузнецк Ала-Тоосунун этектеринде кеңири тараган. Хакасиядан (Салбык ойдуңу) табылган биздин заманга чейинки 6-4-кылымга тиешелүү тагар эстеликтерине төрт бурчтуу пирамида түрүндөгү чоң көрүстөндөр мүнөздүү. Алар чоң таштар менен курчалып, археологдордун пикиринде ага кол башчылар коюлган. Анын эстеликтерине: турак жай калдыктары, аскага тартылган сүрөттөр ж. б. кирет. Тагар маданиятында кетмен менен дыйканчылык кылуу жана мал чарбачылыгы өнүккөн. Археологдор С. А. Теплоухов, С. В. Киселев, М. П. Грязнов, Н. Л. Членова ж. б. изилдешкен. Тагар маданиятынан кийинки мезгил Таштык маданияты болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү