Тагиржанов, Абдурахман Тагирович

Тагиржанов, Абдурахман Тагирович (1907—83)— белгилүү филолог, профессор. (1926). Ташкендеги рабфакты, 1941-ж. филология факультетин бүтүргөн. 1943 — 45-ж. СССР Илимдер академиясынын Чыгыш тануу институтунун Ташкендеги бөлүмүндө аспирантурада окуган. 1945 — 46-ж. тажик мамлекеттик университетинде окутуучу. 1946жылдан Ленинград мамлекеттик университетинин Чыгыштаануу факультетинде окутуучу. 5 китептин жана 50дөн ашуун эмгектердин автору. "Мажму ат-таварих" ("Тарыхтардын жыйнагы") аттуу тажик тилинде жазылган кол жазма түрүндөгү чыгарманын Ленинград мамлекеттик университетинин Чыгыштаануу факультетинин кол жазма фондусунда сакталып турган нускасын 963-инв.) таап, изилдеп, анын фото көчүрмөсүн өзүнчө китеп кылып чыгарган жана ага кириш сөз жазган. Кол жазмада башка тарыхый окуя, санжыра, уламыш менен катар "Манас" эпосунан айрым эпизоддор камтылган. Т. бул чыгармага мүнөздөмө берген. "Манаска" тиешелүү бөлүмдөрдү да изилдей кеткен. Анын ою боюнча аталган кол жазма негизинен кыргыздын эпикалык чыгармаларынын таасиринде жазылган, к. "Мажму ат-таварих".

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4