Тазабеков Мамбеталы
Тазабеков Мамбеталы (1896, азыркы Талас областы, Талас району, Үч-Эмчек кыштагы – 1955, ошол эле жер) – жылкычы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). 1938-жылдан Талас районундагы Энгельс атындагы колхоздо жылкычы болуп иштеген. 1948-жылы өзүнө бекитилип берилген 50 бээден 50 кулун алып, жыл аягына чейин аман асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9