Тазалоочу курулмалар – калктуу жерлердин же өнөр жай ишканасынын канализация тутумундагы (системасындагы) ыплас (булганыч) сууларды ар кандай булгануулардан тазалоого арналган инженердик курулмалар комплекси. Тазалоонун максаты ыплас сууларды өндүрүштө пайдаланууга же көлмөлөргө куюуга даярдоо. Ыплас суулардын булгануу (кирдегенине) жана тазалоо талабынын деңгээлине жараша тазалоочу курулмалардын курамына механикалык, биологиялык, физика-химиялык жана кошумча тазалоо курулмалары кирет. Механикалык тазалоо курулмаларында ыплас суулардагы эрибеген заттар (майда минералдык кошундулар, кум, нефть, май ж. б.) 75%ке чейинкиси кармалып калат. Ыплас суудагы коллоиддер жана эриген заттар түрүндөгү органикалык булгоочу заттардын 90–95%и биологиялык тазалоочу курулмаларда алып салынат. Химиялык тазалоодо ыплас сууларга айрым реагенттердин эритмелерин куюу менен андагы керексиз заттар чөктүрүлөт. Кошумча тазалоо биологиялык тазалоодон кийин жүргүзүлөт, бул учурда негизинен чыпкалоо, реагенттик иштетүү, ошондой эле калып калган органикалык заттарды, фосфорду жана азотту жок кылуучу башка ыкмалар пайдаланылат. Ыплас сууларды тазалоонун акыркы этабы – биологиялык, химиялык же кошумча тазалоодон кийин калып калган бактерияларга булганууларга хлордун таасири менен дезинфекциялоо (зыянсыздандыруу). Тазалоочу курулмаларга кум тоскуч, тундургуч, септик, нефть кармагыч, май кармагыч, хлоратор, вакуум-чыпка, центрифуга, чыпка-ныктооч ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү