Башбаракты ачуу

Мазмуну

Тазия تعزیهОңдоо

Тазия көңүл айтуу деген мааниде Карбала аймагында болгон окуяны театрлаштырып көрсөтүү. Бул театрлаштырылган көрсөтүү Иран шиизм диний жана салттык түрдө Хусейин ибн Али жана анын сахабаларынын өлтүрүлгөнүн баяндайт. Тазия өнөрү бир тараптан Иран театрынын бийиктигин, экинчи тараптан шиизм диний чөйрөсүнүн өнөрүн маалымдайт. Ирандагы тазия өтчү негизги аймактар катары төмөнкү жерлерди атай кетсек болот: Эсфахан, Борбордук Кум, Тегеран, Мазандаран, Казвин, Альбурз, Керман, Йазд, Хамадан, Хузестан, Фарс, Занжан, Хорасан Резави.

Тазия терминиОңдоо

Тазия кайгыруу, өтүп кеткендерди эскерүү, көңүл айтуу, сабырдуулука чакыруу жана өтүп кеткендердин жакындарынын ал акыбалын суроо, көңүл көтөрүү жана Ирандын кээ бир аймактарында мисал катары Хорасанда акыркы сапарга узатуу деген маанини билдирет. Бирок тазия деп атагы чыгышы диний көргөзмө болуп эсептелет, анда таланттуулар Мухаррам айынын кайгысын бөлүшүү менен өзүнүн эркин жана ыкластыгын Ахле Бейтке көрсөтүп, маарекенин алкагында Карбала окуясына тиешелүү окуяларды театралдаштырып тартуулашат. Тазие ыр саптарын айтуу менен окуяны театралдаштырып көрсөтүү маанисине ээ, ошол менен катар аны рузе окуу, тазие окуу деп аташкан.

ТарыхыОңдоо

Тазиенин пайда болуу тарыхы толук маалым эмес. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн көз карашы боюнча бул жөрөлгөнү Ислам дооруна чейин үч миң жылдык тарыхы бар Ирандын улуттук жомоктору болуп эсептелген Сияваш баатыр дооруна таандык деп эсептешет, ал эми убакыттын өтүшү менен өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бир катар изилдөөчүлө болсо жөрөлгөнү Митра жана Ядгар Зариран азабы менен байланыштырса, башкалары Месопатамия, Анатолия жана Египет таасири менен пайда болгондугун, ошондой эле бир топ изилдөөчүлөр Иса кайгысы жана башка Индия, Европа жана Сами маданиятынын тарыхый жомоктору менен байланыштырышат. Бирок, тазие негизги божомол боюнча, шииттердин алгачкы кылымдарындагы Карбала аймагында набыт болгон кайгылуу окуяга байланыштыгы айтылып келет. Кээ бир изилдөөчүлөр тарыхый документтерге таянып тазиенин пайда болушун түздөн түз Иранда Исламдан кийин болгонун жана Карбала окуясы, Хусейин ибн Али жана анын жан жөөкөрлөрүнүн өлүмү менен байланыштырат. Акыркы маалдарда Ахл Бейт достору тарабынан Карбала шеиттерине аза айтуу Иракта, Иранда жана шииттер отурукташкан кээ бир аймакта ачык айкын өткөрүлүп турат. Абуханифа окумуштуу, араб тарыхчысы өзүнүн китебинде Алинин үй бүлөөсүнө болгон кайгычылыкты Умавилер доорунда болгондугун кабар кылган. Эгер тазияны аза күтүү, кайгыруу маанисинде карасак, анда алгачкы аза күтүү Карбалада болгон Ашура окуясында, эмчектеги балдарды туткунга алып Шам тарапка жөнөгөндөн кийин болгон. Тазиеге окшоштурулуп Карбала окуясын чагылдырып окулган кээ бир аза күтүүлөр Язидге байланыштырылат, анткени Карбала окуясынан кийин Язидди шылдыңдоо иретинде Карбалада болгон окуяны театрлаштырып көрсөткөн. Ибн Касирдин айтуусу боюнча бул жөрөлгө алгачкы ирет Буйе доорундагы шийит башкаруучусунун учурунда аткарылган. Бул аза айтууда Маз Даула Ахмад ибн Буйе 973-жылы Багдад элине баардык дүкөндөрдүн, базарлардын жабышын, кара жана эски кийим кийинип, аза күтүшүн буйрук кылган. Ошондон кийин кара жана эски кийинп аза күтүү жөрөлгөгө айланып калган. Султан Мухаммад Худабанденин башкаруу доорунда шийиттер аза күтүү аземин өткөзүп турган, бирок бул тарыхый аралыкта кандай болгондугу тууралуу толук маалымат жок. Замандын өтүшү менен аза күтүү Хусейин ибн Алиге арналып ачык түстү жана ыкмада көрүнө баштады. Тазие кңири тарган мезгили болуп Сефевид өкмөтүнүн колдоосу жана башкаруу мезгилине туура келет. Тазие Насир Аддин Шахтын доорунда кеңири таркаган, бул доорду тазие заманынын алтын доору деп аташат. Эгер тазие буга чейин караван сарайлардын, базарлардын жана үйлөрдүн короолорунда аткарылып келсе, эми ачык жерлерде, Такиелерде, Хусейниелерде аткарылып баштаган. Эң атактуу жана эң чоң Такие болуп бийликтин такиеси болуп саналган, ал Насир Аддин Шахтын буйругу менен 1925-жылы салынган. Бийлик Такиеси Насир Аддин Шахтын доорунда Англиядагы опера театрына окшоштурулуп курулган, эгер алгач жөнөкөй театр катары салынган болсо диний адамдардын каршылыктары менен Такиеге айланып калган. Аталган доордогу башка атактуу Такиелердин бири болуп Керманшах аймагындагы Маликтин орун басарынын тазиеси болгон. Насир Аддин Шахтын башкаруу мезгилинин алгачкы жылдарында 300 ашык жерде тазие өткөрүлүп турган. Тазие азыркыга чейин өткөзүлүп келет. Реза хандын диктаторлук башкаруу доорунун башталышы менен 1925-жылы тазие өткөзүү, аза күтүү жөрөлгөлөрүнө тыйууга салынган. 1941-жылдарга чейин өткөрүлүп жүрүп акыр аягы кинотеатр, театр, опера сыяктанган көңүл ачуу жайларына туруштук бере алган эмес. Натанз шаарында төрт тазие өткөзчү жер болгон, ал Кажарлардын доорунда салынып, ар жылдын Мухаррам айында тазие аземи өткөзүлүп турган.

Тазияда колдонулган терминдер жана сөздөрОңдоо

  • Шабиегардани: Тазие театрлаштырылган көргөзмөсү
  • Шабие: Тазие каарманы
  • Мукталневис: Тазие театрлаштырылган көргөзмөсүнө текст жазган адам
  • Муаян Албака: Тазие мүдүрү
  • Назем Албака: Тазие мүдүрүнүн орун басары
  • Бани: инвестор жана Тазиени даярдаган адам
  • Фард: Көргөзмөнүн тексти
  • Муафакхон: Тазие театрлаштырылган көргөзмөдөгү пайгамбарлардын, имамдардын, оң каармандардын ролун аткарган каарман
  • Мухолефхон: театрлаштырылган көргөзмөдө терс каармандын, исламдын душманын ролун аткарган адам
  • Тахтхон: Язиддин ролун аткарган каарман
  • Баччехон: Кичинекей баланын ролун аткарган каарман
  • Занонехон: аялдардын ролун аткарган каарман
  • Зейнапхон: Зейнептин ролун аткарган каарман
  • Муалефхон: Олуялардын ролун аткарган адам
  • Дастгох: ар бир толук тазиени дастгох же отурум деп аташат

Аткаруу жолуОңдоо

Тазие сахна артындагы негизги көргөзмө отурумунан башталат. Бул театрлашкан көргөзмөдө аспатардын жана керектүү буюмдардын колдонулушуна чек жок. Мисал катары Насир Аддин Шахтын заманында Тазие өткөрүп баштаган учурда токойдон арстанды капаска кармап келип көрүүчүлөрдүн ортосуна театралдуу көргөзмөгө эффект кошуш үчүн коюп коюшкан. Театралдуу сахнада кандайдыр бир ролду аткарып жаткан учурда, атайын адамдар кагазга текстти жазып, каарман адашып кетпеш үчүн маал маалы менен көргөзүп турган. Көргөзмөнүн башчысы баардыгын текшерип иретке салып турган. Аялдардын ролун дагы эркек адамдар ойногон ошондуктан аларды «занхон» деп атап коюшкан. Мындай каармандар атайын үнүнө карап тандалып алынган, жана бетин жабып сахнада өз ролун аткарышкан. Кээ бир учурда аялдын ролун аткарган каарман тагыраак жана үнү ичкерээк болуш үчүн жаш уландардан колдонгон. Шабих хондор эки топко бөлүнгөн: Улавихон жана Ашкияхон. Олуя жана ыйык адамдардын жана диндин досторунун ролун аткарган шабих хондорду, улавихон, залымга туш болгондор, анбияхон деп аташкан, ал эми динге каршы, диндин душманынын ролун аткаргандарды зулумчулар, ашкаияхон деп аташкан. Улавихондор сахнада айтылчуу сөздөрүн ыр түрүндө, кооздоп ритмге салып айтышса, ашкияхондор кара сөз түрүндө, жөнөкөй жана шылдың иретинде айтышкан. Улавихондордун денесинде көк жана кара түстөгү кийим, ал эми ашкияхондор кызыл түстөгү кийим кийинишкен.

Тазиенин түрлөрүОңдоо

Тазие диний кайгычылыктан алынган жана өзү да кайгылануунун бир түрү болуп саналат. Бирок заман өткөн сайын тазиенин бир канча түрлөрү пайда болгон. Мисал катары аялдар тазиеси, шылдыңдоо тазиеси пайда болгон.

Тазие дуреОңдоо

Тазие дуре бир катар театралдашкан көргөзмөлөрдүн тазиехондор аркылуу бир жерде же ар кайсыл жерде бир учурда аткарылуусу айтылат. Мунун аткаруу ыкмасы төмөндөгүчө, биринчи топтор өзүнүн театрашкан көргөзмөсүн бир жерден бүтүргөн соң экинчи жерге барышат, экинчи барган жайында биринчи жерде аткарган көргөзмөсүн кайталап аткарышат, ал эми экинчи топтогулар биринчи жайга келип өзүлөрүнүн театрышкан көргөзмөсүн көрсөтүшөт. Ошентип олтуруп биринчи топтогулар экинчи барган жерде өнөрүн көрсөткөн соң үчүнчү жерге барышат, ал эми экинчи топтогулар кайрадан орун алмаштырып алдыга жылып кете беришет. Ушундай жол менен бир учурда бир канча топ өзүлөрүнүн театрлашкан көргөзмөсүн аткарып жүрө беришет. Кээ бир учурларда бир канча тазие тобу чоң аянчада айлануу ыкмасы менен көргөзмөлөрүн аткарышат.

Аялдар тазиесиОңдоо

Аялдар тазиеси деп аялдар тарабынан аялдардын жыйынында көргөзүлчү тазиенин бир түрү, бул түрдөгү тазие аялдардын чогулган жеринде гана көрсөтүлүп кеңири коомго таркаган жок. Бул тазиелерди кенен короонун ичинде же кандайдыр бир салондун ичинде аткарышат. Бул тазиеде аялдар эркектердин ролун дагы өзүлөрү аткарышкан. Аялдар тазиеси Кажарлар доорунда ашрафтардын үйлөрүндө театрашкан көргөзмөлөрдү аткарып турушкан, ал эми убакыт өткөн соң жоголуп көрсөтүлбөй калган.

Шылдыңдоо тазиесиОңдоо

Шылдың тазиеси шаң, күлкү, маскара, лаанат, каргыш айтуу менен өткөрүлөт. Адамдар бул түрдөгү тазиеде дин менен согушкандарды, Мухаммад, Имамдар жана алардын үй бүлөсүнө согуш жарыялагандарды же адепсиз сөздөрдү айткандарды шылдыңдоо иретинде аткарылат. Бул түрдөгү тазиеде ар бир каарман сахнага шаңдуу, күлкүмүштүү кол жаңсоолор менен чыгышат. Бул түрдөгү тазие жума күндөрү, диний майрамдарда элди кубандыруу үчүн аткарылат.

Учурдагы тазиеОңдоо

Тазие өз доорунда бир катар өзгөрүүлөргө дууша болду, бирок азыркыга чейин ирандыктарды, Иран ислам элинин негизги жана байыркы өнөрлөрүнүн бири болуп кала берет. Ирандын ар бир облустарында, Азербайжан жана Хорасан облусунунан баштап, Систан, Ахваз, кеңири чөлдө орун алган шаарларында, Хазар дарыясы жана Фарс кысыгына чейин Мухаррам айынын экинчи жумасынан баштап тазие өткөрүшөт. Бул диний театрлашкан көргөзмө Ирандын ар кайсыл аймактарында өткөн тазиеден аз гана айырмаланат. Элдер Мухаррам айынын башында мечиттерге, диний жайларга килемчелерди илип кара кездеме илишет. Тазиеге катышкан каармандар өзүлөрүнүн өнөрлөрүн майдандарга, аянтчаларга чыгып тартуулашат, эркектер оң тарапка, ал эми аялдар сол тарапка чогулуп театрлашкан көргөзмөлөрдү көрүшөт. Бул аймактарда бир канча ак сакалдар тартипти жөңгө салып жол көрсөтүп турушат. Каармандар ар бир күнү Карбалада болгон окуянын бир бөлүгүн аткарып турушат. Каармандар өзүлөрүнүн ролун кагаздын үстүнөн окушат, ролун тартип менен аткарышат. Шабих хондор суроо жоопторго өзүнө ылайык үн менен аткарышат, мисал катары эгер Хусейин же Абулфасл бири бири менен сүйлөшө турган болсо, Хусейин ибн Али суроону жеңил, кайгылуу үн менен берт, ал эми Абулфасл обондуу үнгө салып жооп берет. Тазие каты шабих хондордун негизги тексти болуп саналат. Кээ бир учурда тазие катын “нусхе” деп да аташат.

МузыкаОңдоо

  • Ирандагы музыка
  • Тарых
  • Исламга чейин: Ахамениддер, Парфяндар, Сасаниддер
  • Исламдан кийин: Селжуктар, Ильхандар, Мервдер, Сефевиддер
  • Азыркы доор: Кажар, Пахлави, мыйзамдуу жана мыйзамсыз, Лос Анжелес, жер алды,
  • Иран салттуу музыка
  • Үн, аспаптар, Радиф, Макам, Гуше, Дастгах, импровизация

Башка жанрларОңдоо

Поп, Реп, Рок, Симфония, Жаз, Метал, Керал

АймактарОңдоо

Азербайжан, Элам, Басери, Бахтияр, Түндүк Хорасан бөлүктөрү, Белучи, Бандар, Түркмөн, Түштүк, Хорасан, Алавания, Курд, Керман, Гилак, Лур, Мазандаран

ДинийОңдоо

Зартушт, Нооруз хон, Тазие, Рамазан, Намаз хон, Мадахи Тазия айтууда обондуу музыканын орду абдан жогору турат. Тазия музыкасы театрлашкан көргөзмөдөгү ар бир каармандын ролуна ылайык музыка аткарылат. Эгер каарман өз ролун жогорку деңгээлде аткарса жана элдин көңүлүнө жагып калса, ал дамдын мындай жашоосунда дагы театрашкан көргөзмөдө аткарган каарманынын лакабы коюлуп элдин оозуна алынып калат. Ирандын элдик музыка аспаптары тазия аспаптары менен айырмаланып турат.

Тазия айтуу этаптарОңдоо

Тазия айтуучуладын айтымы боюнча тазия айтууну эң төмөндөн баштоо абзел, имам айтуудан баштоо жеңилирээк. Бул өнөрдүн адистеринин ишеними боюнча муафакхондор тазия айтууда эң кооз үнгө ээ адамдар, алар музыканын ритмине жакшы отура алышат. Байыркы доордо эгер адам таазия айтууга кирише баштаган болсо өз тукумунда сөзсүз түрдө тазия айткан бир адам болгон, атасы же чоң атасы тазияхон болгон. Ал эмес кээ бир аймактарда топтолуп отурукташкан тазияхондор болгон. Тазия адистери, чеберлерин Мирза деп атап коюшкан, алар жерлерди кыдырып үнү угумдуу балдарды топтоп, аларга өз өнөрүн үйрөтүшкөн. Тазия чеберлеринин ишеними боюнча ар бир эле адам тазияхон боло бербейт, ал үчүн балада тазиянын көрөнгөсү же таланты болушу абзел. Тазиеге баш оту менен бала кезинен баштап даярдалып окутулат. Жана ал этап менен жогору көздөй көтөрүлөт, кичинекей кезинде жаш балдардын каарманын аткарып, чоңойгон сайын өз каарманына ылайык ролдорду аткарып баштайт. Эгер тазия айууну кичинекей кезинде баштаган болсо, чоңойгондо тазия өнөрүнүн жогорку деңгээлине жетет. Тазия айтуудагы жогорку тепкичтердин бири болуп касемхон жана Алиакбархон эсептелет. Эгер адам Алиакбархонду жогорку деңгээлде аткарган болсо шахадатхон этабына өтөт, мукам үндүү алиакбархон эң жакшы шахадатхон боло алат. Эгер анын үнүнүн тону ылдый болсо бирок үнү мукамдуу болгон болсо аял үндүү каармандарды аткарат. Шахадатхон өзүнүн талантынын туу чокусуна жеткенде имамхон боло алат. Эң акыркы этап болуп имамхон саналат. Имамхонго жетүү үчүн атайын бир жаш курака жетүүсү абзел. Имамхон курагына келгенде адамдын үнү ылдыйлап, кайгылуу тон терңирээк боло баштайт.

ТаралышыОңдоо

Ирандык эмес шийиттердин (Ирак жана Индияда) тазиени башкача ыкмада өткөрүшөт,Хусейин ибн Алинин табытын башынан жогору көтөрүшүп, Ашура күнүнүн акырына дейре аза күтүп, кошок кошуп, күн акырына чыкканда алып барып топурака көмүшөт. Анамаре Шимелдин жазуусуна ылайык байыркы Индиядагы шийиттер падыша сарайынын ичинде салтанаттуу түрдө султандардын катышуусунда өтүп турган. Кариб аймагында Тринидад аралында дагы тазия символдук маареке катары өткөрүлгөн жана аны “тажах” же “Хусай” деп атап коюшкан. Бул сөөк коюу үрп адатына тиешелүү болуп “Тажах” мухаррам айында жасалган жана театрлашкан көргөзмө соңуна чыккандан соң сууга чөктүрүлүп ийген. Айта кетчү нерсе мындай символдук маарекелер дүйнөнүн башка бурчтарында мисал катары Индонезияда сөөк коюу салты катары өткөрүлөт. Индонезиянын мухаррам айында өткөзүлчү негизги майрамдарынын бири сөөк коюуу аземи болуп саналат. Индонезиянын аймактарынын биринде элдер жыгачтан табыт жасап анын үстүнө кагаздан Хусейин ибн Алинин сүрөтүн тартып аны кооздоп башынан жогору көтөрүшөт, табытты бир күн бою көтөрүп, шаарды айланып Ашура күнүнүн акырында көлдүн үстүнө агызып ийишет.

ШилтемелерОңдоо

  • Иран музыкалар энциклопедиясы
  • http://www.sharghdaily.ir/News/103723
  • «Байыркы диний аза күтүү», азыркы Тегеран газетасы
  • «Тазия» Ислам дүйнөсүнүн энциклопедиясы
  • Тазия адатын изилдөө, Шахиди

ابن‌کثیر، بدایة و النهایة،*

  • Шахиди, музыка жана аспаптарды изилдөө

Ошондой элеОңдоо

  • Хузестандагы тазия

БулактарОңдоо

  • Taʿziya / Chelkowski, P. // Encyclopaedia of Islam. 2 ed. — Leiden : E. J. Brill, 1960—2005.
  • Иран музыкасынын энциклопедиясы, Мехди
  • Мухаммад Амин. «байыркы диний аза күтүү. Тазия»
  • Ислам дүйнөсүнүн энциклопедиясы
  • Шахиди, Али Белукбашы, Тазия адебин изилдөө

Дин, маданият