Таз (фавус)теринин мите козу карын пайда кылуучу жугуштуу оорусу. Таз оорулуу менен бирге болуудан жана оорулуунун буюмдары (тарак, сүлгү, баш кийим жана башкалар) аркылуу балдарга тез жугат. Оорунун башталышында чачтын арасында кызыл тактар пайда болуп, ал улам чоңоёт, кийин саргарып карттанат. Күчөп кеткен учурда ал бири-бирине кошулуп, баш терисин бүт каптайт. Чач жыдып түшөт. Карттын астындагы ткандар өлөт. Териси жукарып, жалтырап калат. Аны убагында дарылабаса оору көпкө созулуп, чач таптакыр жыдыйт, ал жерге өмүр бою чач чыкпайт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен дарыгерге кайрылуу керек. Лабораториялык текшерүү менен диагнозу коюлат. Дарылоо сөзсүз ооруканада жүргүзүлөт. Оорунун алдын алуу максатында оорулуунун үй-бүлөсү медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, анын кийим-кечеси, буюмдары, жаткан бөлмөсү дезинфекцияланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8