Тайбуга - чынгыз тукуму менен байланышпаган, жергиликтүү ак сөөктөрдөн чыккан Сибирь хандарынын династиясынын легендарлуу негиздөөчүсү.

Шейбанид Ибак өлтүрүлгөндөн кийин «Тайбуга уруусунан» чыккан Мамет (Махмет) 1495-ж. татар улустарынын саясий союзун жетектеген. 16-кылымдын 1-жарымында Тайбуга династиясынын хандары Казан хандары менен никелик байланыш түзүшкөн. Едигер (Ядигер) жана Бекболот хан өздөрүн Москванын вассалыбыз (1555) деп эсептешкен.

1563-ж. Сибирь тактысына шейбаиид Кучум келгенден кийин Тайбуга династиясы бийликтен ажыраган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.