Тайгараев айыл өкмөтү - Жалал-Абад шаарына караштуу административдик-аймактык бирдик.

Качкынчы, Кызылкыргызстан, Кызылсуу, Ташкутчу, Жээнбеков атындагы айылдар баш ийет. Азыркы айыл өкмөтүнүн аймагында 1930-ж. «Баатыр» колхозу уюшулган. 1932—34-ж. Чапкындык айылы кошулуп, «Кызылпахтачы» колхозу, 1953—59-ж. «Дружба» совхозу, 1963—95-ж. «Тайгараев» совхозу деп аталган. 1995-жылдан совхоз Тайгараев айыл өкмөтү болуп кайрадан түзүлгөн. Калкы 7940 (2001); негизинен дыйканчылык жана мал чарбасында эмгектенишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • ISBN 9967-14-006-2 © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору