Таймлапс – (кырг. убакыт өтүү) англис тилинен алынган, бизче time – «убакыт», lapse – «өтүү», «бүтүү» дегенди билдирет. Бул бир ыраатта жасалган, белгилүү бир интервалда тартылган сүрөттөрдү бир катарда видео кылуу. Жөнөкөйлөтүп айтканда, таймер менен тартылган бир канча сүрөттөрдү видео кылып айкалыштыруу. Таймлапс сүрөт менен видеонун так ортосунда десек болчудай. Мында сүрөттөрдүн интервалы бир канча секундадан бир канча сааттарга чейин болушу мүмкүн. Таймлапста көбүнчө бир эле орундан сүрөттөр тартылып алынат. Мисалы, шаардын бир күндүк жашоосун чагылдыруу, күндүн батышы-чыгышы жана башка. Кезинде таймлапс интервалдык сүрөт, цейтрафердик сүрөт деп аталып, илим жаатында жай жүргөн процесстерди изилдөө үчүн колдонулган. Учурда таймлапс жаратылыш, кино, жарнактык роликтерди тартууда да кеӊири колдонулуп келет.