Таймыр көлүКраснояр крайынын түндүгүндө, Таймыр жарым аралындагы Бырранга тоолорунда. Аянты 4,6 миң км2. Тереңдиги 26 мге чейин. Жээги булуң-буйткалуу; түндүгү менен чыгыш жээги тик, түштүгү жантайыңкы. Тамыр көлү жер шарынын эң түндүгүндөгү ири көл. Көлгө Жогорку Таймыр дарыясы куюп, андан Төмөнкү Таймыр дарыясы агып чыгат. Сентябрдан июль айына чейин муз каптап турат. Акваториясын балыктардын арктикалык түрлөрү (сиг, муксун, голец ж.б) байырлап, аралдарында келгин куштар (дудук каздар, каздар) уялашат.

Таймыр көлү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү