ТайчжунКытайдагы шаар. Тайвань провинциясында. Тайвань аралынын батышында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2010; агломерациясы менен 2,3 млн). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Тайвань кысыгынын жээгиндеги деңиз порту (контейнер терминалы). Илим-изилдөө жана жогорку технологиялык тармактары (аэрокосмостук, чип, микросхема ж. б.) өнүккөн. Машина куруу, текстиль, эмерек, энергетика, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Камфара жана эфир майы даярдалат. Жогорку окуу жайлар, музейлер (Тайвань мамлекеттик көркөм искусство, мамлекеттик табигый жана так илимдер ж. б.), храмдар ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү