Тай жарыш – кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Тайлар 1-2 киллометр келген түз жерде жарыштырылат. Ага үйрөтүлүп, тапталган 5-10 тай, 13-14 жаштагы уул балдар катышышат. Тайга өзүнө ылайык ыңырчак ээр токулат. Тайлар жарышка чыгуучу жер жана мара белгиленет.
Калыс жарышка даяр турушкан тай чабарларга “Жарышкыла!” – деген белги берет. Тай минген балдар жарышып, марага келгендеги орду белгиленет. Марага биринчи, экинчи, үчүнчү жеткен тайлардын күлүк экендиги, жакшы тапталгандыгы белгиленет. Тушоо кесүү тоюнда майда балдарды 100-150 метрдей аралыкка жарыштыруу да “тай жарыш” деп аталат. Бул жарышта ким чыгып келсе, буту тушалган баланын тушоосун кесип, байге алат.

Пайдаланылган адабият: Токторбаев С. Өспүрүмдөр оюндары.