Такеши Китано (англ. Takeshi Kitano, жапон тилинде: 北野 武; 1947-жылы 18-январь) - күлкүлүү ролду аткаруучу жапон актеру, теле-көрсөтүүлөрдүн ишмери, режиссер, актер, жазуучу жана сценарист. Жапонияда күлкүлүү ролдорду аткаруучу актер жана телеберүүчү катары таанымал болсо, чет өлкөлөрдө Такеши кинематографиялык иштери менен белгилүү. Китано режиссердук ишинен тышкары Бит Такеши (англ. Beat Takeshi, жапон тилинде: ビートたけし Bīto Takeshi) сахналык аты менен таанымал.

Такеши Китано (2000-ж).

Китано Жапониянын эң мыкты үч куудулдарынын бири болоорунун астында, 1970-жылдары "Эки ыргак" дуэтинин курамында чыгып белгилүү боло баштаган. Бир канча экинчи пландагы ролдорду аткарган соң, Китано 1989-жылы "Таш боор полициялык" (англ. Violent Cop) аталышындагы тасманы тарткан, бирок дүйнөлүк атактуулукка Китано "Сонатина" (англ. Sonatine, 1993) тасмасы менен жеткен. Ага карабастан, Китано "Фейерверк" (жапон. Hana-bi) тасмасы 1997-жылы "Алтын арстан" сыйлыгына татыктуу болгонуна чейин Жапонияда режиссер катары кабыл алынган эмес. 2016-жылдын декабрында Китанонун "Зомбулук" (англ. Outrage) аталышындагы алгачкы кылмыштуулук жанрындагы үчилтиги 2017-жылдын апрель айынын маалыматтарына карата үчилтиктин "Зомбулук: Акыркы бөлүм" (англ. Outrage: Final Chapter) акыркы сериясынын бетачары 2017-жылы өтөөрү жарыяланган.

Китано киносынчалар тарабынан башкалардан айырмалуу кинематографиялык иши үчүн жогору бааланган, алардын арасында жапон киносынчысы Нагахару Өдогава Китанону беделдүү режиссер Акира Куросаванын "ишин уланткан чыныгы режиссер" деп атаган.Китанонун тасмаларынын дээрлик баары якудза гангстерлер же полициялыктар жөнүндө болгон драмалар. Киносынчылар режиссердун тасма тартуу стилин эч камырабас же камеранын туруп калуу ыкмасы катары табышат. Китано көптөгөн учурларда жай башталып, кайрадан оңдоодон кийин окуяга тез өткөн кадрларды тартуу ыкмасын колдонот. Китанонун тасмаларынын дээрлик көбү муңдуу жана нигилисттик философияны чыгылдырышат, ошол эле учурда алар тамашаларга жана сүйкүмдү каармандарга толгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү