Акунов Таке1917-жылы Ат-Башы районунун Жаңы-Күч кыштагында, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Арадан алты ай өтпөй атасы Акун каза болуп калып жетим өсүп чоңойгон.
Эмгек жолун 1940-жылы Ат-Башы районунун «Калинин» жети жылдык мектебинде мугалим болуп иштеп баштаган. Ушул жылдын август айында Ат-Башы райондук комсомолунун эсеп бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат.
1942-1943-жылдары Ат-Башы райком комсомолунда экинчи секретарь, МТСтин саясий бөлүмүндө космомолдун секретари болуп иштеген, ошол жылдары КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынат.1943- жылы Ашхабаддагы жөө аскер окуу жайына жиберилип, ден соолугуна байланыштуу (буту ооруп) туулуп-өскөн жерине кайтып келген.
1944-1948- жылдары партиянын Тянь-Шань областтык комитетинин кадрлар боюнча сектор башчысы болуп иштеген.
1948-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин алдындагы партиялык мектебин жана Кыргыз педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн.
Жогорку билимдүү адис катары партиянын Тогуз-Торо райондук комитетинин үчүнчү катчылык кызматына дайындалат. 1949-жылы партиянын Тогуз-Торо райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштейт.
1953-жылы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондору бириккенине байланыштуу Ак-Талаа райондук комитетинде экинчи катчылык милдетти аркалайт.
1958-жылы КПСС Борбордук Комитетинин тапшырмасы боюнча жыйырма беш миңинчилер менен айыл-кыштакты көтөрүү үчүн Ат-Башы районунун «Пограничник» колхозуна башкарма болуп келет.
1963-1965-жылдары «Калинин» колхозунда башкарма болуп иштейт.
1965-жылы пенсияга чыгып, 1981-жылга чейин «Пограничник» орто мектебинде тарых сабагын окутат.
Элине ак кызмат кылгандыгы үчүн:

  • эки жолу «Ардак белгиси» ордени;
  • Кыргызстан Жогорку Советинин Ардак грамотасы;
  • Областтык жана райондук партия комитетинин Ардак грамоталары;
  • «Лениндин 100 жылдыгы» медалы менен сыйланган.
  • Үч жолу областтык кеңешке, төрт жолу райондук кеңешке депутат болуп шайланган.

1961-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын январь пленумунда Пограничник колхозунун жетишкендиктери жөнүндө сөз сүйлөп, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын биринчи секретары Никита Сергеевич Хрущевден алкыш алган.
Иштеген ийгиликтерин баалап, айылдаштары Жаңы-Күч айылынын бир көчөсүнө анын ысмын коюшкан. Уул-кыздары Мелис, Шакен, Чоробай, Нургазы, Миргасы, Гулнаралар мамлекеттик кызматта, Жогорку окуу жайларында эмгектенишүүдө.