Такталык тоо кыркасы

Такталык кырка тоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Такталык тоо кыркасыИчки Теңир-Тоодо. Көк-Ирим-Тоонун батыш учунан Нарын дарыясынын субмеридиан багытында аккан бөлүгүнө чейин созулат. узундугу 54 км, туурасы 6 км. Орточо бийиктиги 2900 м, эң бийик жери 3908 м.

Түндүк капталы чыгыш жана ортонку бөлүгүндө Сарагата депрессиясына барып такалат. Түштүк капталын Кара-Суу кесип өтөт. Структурасы боюнча Көк-Ирим-Тоонун батыш уландысы. Кырында байыркы денудациялык түздүктөр кездешет. Чыгыштан батышты карай 3909 мден 1900 мге чейин жапыздайт. Түштүк капталы тик, түндүгү бир аз жантайыңкы. Түштүк капталына Кара-Суунун өрөөнүнөн түшүп жаткан корум таштар мүнөздүү. Ашуулар көп: Капка (бийиктиги 3339 м), Кентулук (3289 м), Шиве-Бел (3140 м), Такталык (2324 м), Карагыш (1961 м) ж. б. Кырка тоо төртүнчүлүк мезгилде көтөрүлгөн. Тоонун ортонку бөлүгү карбон мезгилинде пайда болгон метаморфизмделген акиташ, конгломерат, алевролит ж. б. түндүк тармагы андезит, базальт трахит-базальттуу порфирит ж. б., түштүк канаты девондун чөкмө жана интрузия тектеринен турат. Мөңгү жок. Жарым чөл (1400 м бийиктикке чейин), кургак талаа (1400–1700 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1700–2900 м), субальп (2700–3100 м) жана альп шалбаа (3200–3400 м) ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү