Тактика (байыркы грекче τάξις «катар, сап же жайгашуу»; τακτικός; – «сапка тизилген аскерге караштуу») – кургакта, сууда, абада (космос), информациялык мейкиндикте аскер күчтөрүн, бирикмелерин, бөлүктөрүн теория жана практика жүзүндө аскер ишине даярдоо, аны жүргүзүүгө арналган аскердик-теориялык тармактын бири; аскердик искусствосунун курамдык бөлүгү. Тактика чабуулга өтүү, коргонуу, бетме-бет салгылашуу, кайтадан (жаңыдан) топтоштуруу сыяктуу согуш аракеттеринин бардык түрлөрүн окутууну, иштеп чыгууну, даярдоону жана жүргүзүүнү камтыйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү