"Тактылар оюну" (англ. A Game of Thrones, орус. Игры престолов) — америкалык жазуучу Жорж Рэймонд Ричард Мартиндин калеминен жаралган "Муз жана от ыры" фэнтези романдар сериясындагы биринчи роман. Ал биринчи жолу 1996-жылдын 1-августунда жарык көргөн. Роман 1997-жылы "Локус" сыйлыгын утуп алып, ошол эле жылы "Небула" жана "Дүйнөлүк фэнтези" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Дейенерис Таргариен жөнүндөгү бөлүмдөрдү камтыган "Ажыдаардын каны" новелласы 1997-жылы "Хүго" сыйлыгынын "Эң мыкты новелла" байгесин утуп алган. 2011-жылдын январь айында роман New York Times гезитинин бестселлерине айланып, 2011-жылдын июль айындагы тизмеде №1 болуп калган.

Тактылар оюну
Нукура аталышы A Game of Thrones
Өлкөсү  АКШ
Тили англис
Сериясы Муз жана от ыры
Жанры эпикалык фэнтези
Басмакана , Bantam Spectra (АКШ)
Voyager Books (Улуу Британия)
Сыйлык(тары) "Локус" сыйлыгы (1997)
"Дүйнөлүк фэнтези" сыйлыгы (1997)
"Хүго" сыйлыгы (1997)
"Небула" сыйлыгы (1997)
"Игнотус" сыйлыгы (2003)
ISBN 0-553-10354-7 (Кошмо Штаттары)
ISBN 0-00-224584-1 (Улуу Британия)
Кийинкиси Падышалардын кагылышы

Романда ар түрдүү көз караштар аркылуу окуяларды баяндоо менен Мартин окуянын негизги чынжырчасы болгон Вестеростогу, Дубалдагы ак сөөк үй-бүлөлөрдү жана ошондой эле ак сөөк Таргариендерди тааныштырат. Роман бир канча бутактама эмгектердин жана айрым видео оюндардын жаралышына дем берген. Ошондой эле бул "Тактылар оюну" киносериалынын биринчи сезонуна негиз болуп берген. Сериалдын бетачары HBO телеканалында 2011-жылдын апрель айында болуп өткөн. 2013-жылдын март айындагы телеге толуктоо катары чыккан китеп да, "А" артикли алынып салынып, "Тактылар оюну" (Game of Thrones) деп аталган. Басылыштары

Роман көптөгөн тилдерге которулуп, катуу, жумшак мукабалуу түрдө, электрондук жана аудио китеп түрүндө да басылып чыгарылган. Ар кайсы тилдердеги китептердин саны бирдей эмес болушу мүмкүн. 2000-жылдын июнунда Мейша Мерлин китептин чектелген чыгарылышын Жеффри Жонстун толук түрдө иллюстрациялоосу менен басып чыгарган.

Ылайыкташтырылышы түзөтүү

"Тактылар оюну" жана андан кийин жарык көргөн "Муз менен от ыры" сериясындагы романдар HBO телеканалынын киносериалдарына, комикс сериалдарына, карта, стол жана видео оюндарына жана башка медиа түрлөрүнө ылайыкташтырылган.

Сыйлыктары түзөтүү

  • "Локус" сыйлыгы — "Эң мыкты роман" (Фэнтези) (Жеңген) — (1997)
  • "Дүйнөлүк фэнтези" сыйлыгы — "Эң мыкты роман" (Көрсөтүлгөн) — (1997)
  • "Хүго" сыйлыгы — "Ажыдаардын каны" үчүн "Эң мыкты новелла" (Жеңген) — (1997)
  • "Небула" сыйлыгы — "Эң мыкты роман" (Көрсөтүлгөн) — (1997)
  • "Игнотус" сыйлыгы — "Эң мыкты роман" (Чет элдик) (Жеңген) — (2003)

Шилтемелер түзөтүү