ТакырОрто Азиядагы, Казакстандагы ж. б. чөлдөгү чополуу, илээшкек баткактуу тегиз жер; субтропик зоналарынын чөлдөрүндөгү чополуу тегиз оёңдорго мүнөздүү топурак тиби. Үстүнкү катуу катмары (кызгылтым же коңур сары боз топурак) иретсиз жарылып, туурулуп жатат. Алардын аянты бир нече м2ден жүздөгөн км2ге чейин жетет. Жамгырда, кар эригенде жуулуп келип, оёң жерлерге чөккөн майда туздуу чополордон пайда болот. Ылай кургаганда бети жаракаланып кетет. Өсүмдүктөр жокко эсе. Ал топурагынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Курамында 0,2–0,5% чиринди бар. Жогорку горизонту 5–10 см калыңдыкта ачык-боз өңдө болуп, тузду камтыбаган тыгыз чопо кабыкчасын түзөт. Анын астында тек пайда кылуучу туздуу катмар жатат. Мындай топуракты өздөштүрүү кыйын жана кымбатка турат. Алгач шордон арылтып, минералдык, органикалык жер семирткичтерди колдонуп, андан соң шор жерге өсүүчү өсүмдүктөрдү айдап, кийин пахта ж. б. маданий өсүмдүктөрдү өстүрсө болот. Такыр көбүнчө дарыялардын дельталарында, кумдуу чөлдөрдөгү жалчалардын аралыктарында жайгашкан оёң жерлерде, тоо этегиндеги түздүктөрдүн төмөнкү бөлүктөрүндө кездешет. Жаан учурунда Такырлар анча терең эмес көлмөлөрдү пайда кылат. Сууда жашыл, көк-жашыл балырлар кескин көбөйөт. Такырлар Орто Азия, Казакстан, Моңголия, Алдынкы Азия, Түндүк Америка, Австралия ж. б. жерлерде кездешет, ошондой эле топоним катарында да (мисалы, Чүй боорундагы Такыр-Төр суулары ж. б.) колдонулат.

Такыр (Кызыл-Кум чөлү).

Колдонулган адабияттар түзөтүү