Талаачылык – дыйканчылыктын азыктүлүк, техникалык жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүчү негизги тармагы. Талаачылык калкты азык-түлүк, жеңил өнөр жайды сырьё, малды тоют менен камсыз кылат. Негизинен топурактын күрдүүлүгүн арттырып, которуштуруп эгүү жолу менен айыл чарба өсүмдүгүнөн мол түшүм алынат. Дүйнөдө өсүмдүктүн миндей түрү эгилет. Талаа өсүмдүгүнүн аянты кеңейтилип, сапаттуу өсүмдүк сорттору эгилип, талаа жумуштары толук механикалаштырылып, органикалык жана минерал жер семирткич агротехникалык эрежелерге ылайык чачылып, сугат ишин жакшыртуудан талаачылык улам өнүгүүдө. Кыргызстанда зонанын климат, топурак шартына жараша талаа өсүмдүктөрүнүн түрлөрү өстүрүлөт. Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндө пахта, Талас өрөөнүндө тамеки, төө буурчак, Чүй өрөөнүндө кант кызылчасы, жашылчалар өстүрүлөт ж. б. Талаачылык боюнча илимий иштер тиешелүү илимий мекемелерде, илимий селекциялык станцияларда жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү