Кан таламай

Чүкөлөрдү көп кылып чогултуп алып, баары бирдей чүкө кылып, ортого хан деп кызыл түскө боёлгон чоң чүкө чыгарылат. Чүкөнү калчаганда кан таа туруп калса, анда таламай башталат, эгер алчы турса 3 жолу өкчөлөт. Кайра эле таа турса таламай, бөк же чик түшсө ойной бермей.

Чүкөнү чачкан адамдан башка адам өкчөйт. Өзү кол тийгизсе жыдып калат.


Ойноюн деген балдар бары бирден чүкө тандап, анын баарын калчашат. Кимдики турса ошол биринчи баштачу, улам чик же бөк түшүп кала бергендердики артта ойночу.

Чүкө чачылып, окшош-окшошу менен атылат. Мисалы, бөк менен бөк, чик менен чик, канды гана атканга болбойт, аны эң аягында гана атат. Чик менен атып жатып башкасына тийип калса анда жарабайт, жыдып, кийинки оюнчу улантат. Чүкө түгөнүп, баарын утуп алгандан кийин, кайра баштаарда кан кимде болсо канга бир чүкөнү ашык кошуп кан жолдош деп, калган чүкөлөрүн санап айтканда, ошончодон чүкө кошкон, кан кимде болсо ошол оюнду баштаган.

Ким утса бирөөгө чүкөнүн баары топтолот да, ошол адам жеңген болот. Башында шарт коет ким жеңилсе ырдайт, же малак берет, же күлдүргөн, же жомок айткан.

Кум-Арык айылынан Шайым апа, “Эл билими” сайтынан алынды