Таласбай уулу Акматбек (25.4.1960-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - коомдук ишмер.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн (1982).
  • 1982-84-жылдары Киев аскер округунда взвод командири,
  • 1984-87-жылдары Чаткал орто мектебинин тарых мугалими, директордун орун басары,
  • 1987-88-жылдары «Чаткал» совхозунун профсоюздук комитетинин төрагасы,
  • 1988-90-жылдары Чаткал орто мектебинин директорунун орун басары,
  • 1990-92-жылдары «Чаткал» совхозунун профсоюздук комитетинин төрагасы,
  • 1991-97-жылдары Чаткал районундагы «Ыдырыс» АКсынын төрагасы,
  • 1998-2009-жылдары Чаткал айыл аймагынын башчысы,
  • 2010-жылдан Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин милдетин аткаруучу,
  • 2012-13-ж. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп эмгектенген.
  • Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” (2005) менен сыйланган.
  • Айылдык кеңештин бир нече жолку депутаты.
  • Муниципиалдык кызматтын 1 класстагы кеңешчиси.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6