Талас-Фергaна жаракасы – Жер шарындагы белгилүү терең жаракалардын бири. 1928-жылы ачылган. Узундугу 400 км. Түндүк-батышка карай Фергана тоо тизмегинин, Тактылык, Ат- Ойнок кырка тоолорун жана Талас Ала-Тоосун бойлой Теңир-Тоону кыйгачынан кесип өтөт. Талас-Фергaна жаракасы герцин тектогенез доорунун аягында пайда болгон. Перм-триас мезгилинде жараканын батыш канаты чыгыш канатына салыштырмалуу түндүк-батышты карай 100 кмден ашык аралыкка жылган. Юра мезгилинде жараканын айрым участокторун бойлой кыркалар көтөрүлгөн. Аларда терригендик жана көмүрлүү чөкмөлөр топтолгон. Талас-Фергaна жаракасы боюнча жылышуу кийинчерээк да уланган. Соңку палеозойдон голоценге чейинки горизонталдык жылышуулардын жалпы аралыгы 180 кмге (деформацияга учураган жарака канаттарын кошо эсептегенде – 250 км), вертикалдык жылышуулардыкы бир нече кмге жетет. Талас-Фергaна жаракасын бойлой тарыхый мезгилдеги горизонталдык жылышуудан азыркы морфоструктуралар 30–50 км аралыкка жылышкан. Жарака зонасы сейсмдүү келет; жер титирөөнүн очогу 50 км тереңдиктерде жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү