Талды-Коргон (1920-жылга чейин Гавриловка кыштагы) – Алматы областынын административдик борбору. Жунгар Ала-Тоосунун этегинде, Кара-Тал дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 130,8 миң (2012). Темир жол станциясы аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил, машина куруу, курулуш материал, электр-техникалык приборлор (аккумулятор батареялары), металл иштетүү, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. 3 жогорку окуу жай Президенттик мектеп, бир нече музей, драма театры, китепкана ж. б. бар. Баатырларга (Кабанбай ж. б.) эстелик орнотулган. 19-кылымдын 2-жарымында негизделген.

Талды-Коргон.
Талды-Коргон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү