Талиева Камила Абдыразаковна

Өмүр баяны түзөтүү

Талиева Камила Абдыразаковна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
«Ар–Намыс» депутаттык фракциясынын мүчөсү.
Талиева Камила Абдыразаковна 1967-жылы 28-декабрда Ош облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылында туулган.
1975-85-жылдары «Октябрдын 50 жылдыгы» орто мектебин бүтүрүп.
1987-90-жылдары А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын аяктаган.
Үй-бүлөлүү.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

1990-95-жылдар аралыгында Ош мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинде лаборант, ага лаборант болуп иштеп.
1997-жылы Аспирантурага тапшырган.
1996-жылы Бишкек Билим берүү институтунда кадрларды кайра даярдоо факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, 1999-жылы «Кыргыз тили жана адабияты мугалими» адистигине ээ болгон.
2000-жылы 15-сентябрда кандидаттык дисертациясын жактап, Жалал-Абад мамлекеттик университетине барып, алгач ага окуутучу, доцент болуп иштеген.
2002-жылдан баштап аталган университеттин Филология факультетинде окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп иштеген.
2005-жылы апрель айынан баштап 2008-жылы март айына чейин Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында губернатордун социалдык маселелер боюнча орун басары болуп эмгектенген.

Шилтеме түзөтүү

[(жеткиликсиз шилтеме)] Cotegory: Персоналия