Талкан — куурулган жана тегирменге же жаргылчакка тартылып майдаланган дан азык. Кургак тамактардын эң байыркыларынан. Талкан аштыгына карай – арпа талкан, буудай талкан, жүгөрү талкан, таруу талкан ж. б.; даярдалышы боюнча кант талкан, май талкан ж. б. деп бөлүнөт. Чала фабрикат катары талкандан ар кыл суюк аш (жарма) жасалат. Айранга, кымызга чалынып да ичилет, сүткө, каймакка же майга көөлөнүп желет. Талкан малчыларга, мергенчилерге жана алыска сапар тарткандарга көпкө сакталышы менен ыңгайлуу азык болгон.

Талкан

Колдонулган адабияттар түзөтүү