Диний ишенимдер XIX кылымда кыргыздардын негизги дини ислам болгон. Атүгүл Чыгыш Түркстанда кыргыздардын айрым топторуна таянып, өз ара күрөш жүргүзгөн “ышкиййа” жана “ысхакиййа” сопчулук агымдары болгонун билесиңер. Окумуштуу В.В.Радлов да кыргыздардын өзүн мусулман катары эсептеген, ойротторго каршы боштондук күрөшүн “каапырларга каршы ыйык күрөш” катары баалаганына күбө богон. Бул кыргыз дастандарында, айрыкча “Манас” эпосунда дурус чагылдыргылган. Кытайлык Алмамбеттин Манас менен дос болушунун негизги шарттарынын бири катары Алмамбеттин бутпарастыктан баш тартыпп, ислам динине өтүшү буга далил. Ал эми Жуңгариядагы калмак-кыргыз аттуу топтун дини ламаизм ( бутпарастык агым ) болгон. Теңир – Тоодогу кыргыздар исламга чейинки диний ынанымдын калдыктар алардын мусулманчылыгына доо кетирбей синтезделген. Маселен, мусулмандык кудай Алла-Тааланын синоними катары исламга чейинки түрк элдеринин кудайы “Теңир” сөзү пайдаланылып калган. “Теңир жалгасын, Теңир колдосун” деген алкоо, ант, каргыш сөздөр Караханийлер доорунан бери исламдык агымда пайдаланылган. Кыргыз мифтеринде (аңыздарында ) Теңир – бир эле учурда ааламдын жаратуучусу жана көктүн (асмандын) кудайы болгон. Андан тышкары Жерге жана Сууга сыйынышкан ( орто кылымдардгы “Йер - суб” менен салыштыргыла). Жер Эне жөнүндөгү түшүнүктөң улам башка энелерди, бала-бакыраны коргогон Умай Энеге ишеним да болгон.

Return to "Диний ишенимдер" page.