Талкуш чокусуКоллектор кырка тоосунун эң бийик жери. Бийиктиги 5259 м. Коллектор жана Алай кырка тоолорунун тутумдашкан бөлүгүндө жайгашкан. Анын батыш жана чыгыш капталдары мөңгүлүү.Түндүк жана түшүк бөлүктөрү жылаңач, тик аскалуу келип, мөңгүлөр да кездешет. Чоку жайгашкан тоо карбон мезгилиндеги метаморфизмделген сланец, конгломерат, акиташ теги, кумдук тектеринен турат.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2