Таллий (лат. Thallium, Tl) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIIА группа элементи, к.н. 81, ат. м. 204,37. Т. жаратылышта эки туруктуу изотобу бар: 203 Tl (29,50%) 205Tl (70,50%) турат. Андан тышкары бир топ радиоактивдүү изотоптору белгилүү: 206Tl (Т1/2 =4,19 мин), 207Tl (Т1/2 =3,79 мин), 208Tl (T1/2 =3,1 мин), 210Tl (T1/2 =1,82 мин). Уран, торий жана актиний радиоактивдүү минералдары менен бирге кездешет. Т-ди 1861-ж. У.Крукс ачкан. Жер кыртышында м. боюнча 3 ×10-4 %. Марказит, сфалерит, вюрцит, галенит, пирит минералдары курамында кездешет. Т. – бозомтук күмүш түстөгү ак металл, абада тез окисиенет. Атм. басымда Т. металлы эки кристаллдуу модификациясы a жана b формасы бар. Жогорку басымда g формасы да пайда болот. химимялык  бирикмелери 1, 3 валенттүү. 1 валенттүү бирикмелери туруктуу келип, касиеттери щелочтуу металлдарга окшош болот. Азот, күкүрт к-таларында жакшы, туз к-тасында начар эрийт. Щелочтор менен аракеттенбейт. N 2, NH3, CO2 заттары менен реакцияга кирбейт. Галогендер менен абдан жеңил аракеттенет, ал эми күкүрт жана фосфор менен ысытканда гана аракеттенет. Т. түстүү металлдар сульфиддик тоо-тектерин иштетүүдө бөлүнүп алынат. Таллий амальгамалар даярдоодо, катализатор катарында колдонулат. Галогендери монокристаллдары оптикалык приборлор, карбонаттары оптикалык айнектер, сульфиди фото элементтер жасоодо колдонулат.

Таллий.

Колдонулган адабияттар түзөтүү