Тамак-аштан уулануу

Тамак-аштан уулануу — сапатсыз же бузулган тамак-ашты жегенден пайда болгон катуу кармаган оору.

Стафилококк

Уулануу себептериОңдоо

Тамак-аш (көбүнчө эт, балык, шорпо, колбаса, консерва) кээ бир микробдор (сальмонелла, стафилококк, ботулизм таякчалары) жана анын уулары менен булганып, бузулушу мүмкүн. Аны химиялык заттардан (коргошун, сымап, жез, цинк жана башкалар) же уулуу азыктардан (уу козу карындар, кээ бир балыктар, уулуу жаңгак жана башкалар) уулануу менен алмаштырууга болбойт. Тамак-аштан уулануунун 70%тен ашыгы оору чакыруучу козгогучтар менен булганган тамак-ашты (эт, балык, сорпо, сүт азыктардан даярдалган тамактарды жана башкалар), айрым жашылчаларды (салат, винегрет, картошка жана башкалар), ошондой эле өрдөк, каздын жумурткалары кошулуп даярдалган тамак-азыктарын жегенден кийин пайда болот. Бул тамак азыктарда оору козгогучтар өсүп көбөйүшүнө шарттар болгондуктан алар өтө тез көбөйөт. Анткени бул тамак-азыктары углевод жана белок заттарына өтө бай болуп, микробдордун өсүп жетилүүсүнө ыңгайлуу. Мындан сырткары тамакты даярдоо жана сактоо эрежелерин бузуудан да уулануу пайда болот. Тамак-азыктарын жылуу бөлмөлөрдө сактоо козгогучтардын массалык түрдө өсүп көбөйүшүнө себеп болот. Айрым учурларда жаңы даярдалган тамак-ашты жылуу бөлмөдө бир нече саат сактагандан кийин жесе оору чакырат. Айрыкча майда тууралган эттен (фарштан) даярдалган азыктар, паштеттер, килкилдектер, малдын канынан жасалган колбаса жана башкалар өтө коркунучтуу. Себеби бул тамак-азыктарда микробдор отө тез өсүп көбөйүшөт. Тез бузулуучу азыктарды муздаткычта же муздак жерде (кышында от жагылбаган бөлмөлөрдө) кыска мөөнөткө сактоо зарыл. Кайнатылып бышырылган же куурулган тамак-ашта оору козгогучтар бат эле өлөт, чала куурган же бышырган азыктардын катмарына ысык жакшы өтпөй калып, микробдор өлбөй сакталып калышы мүмкүн. Ошондуктан тамак-ашты жакшылап узакка чейин бышыруу талапка ылайык.

Оорунун башталышыОңдоо

Оору көпчүлүк учурда булганган тамакты жегенден 4—8—12 сааттан кийин башталат. Оорулуунун жүрөгү айланып, кусуп, ичи өтүп, ооруйт. Температурасы (кээде 38— 39° С чейин) жогорулайт. Кээде оору катуу жана оор өтүшү мүмкүн. Оорунун белгилери билингенде эле врачка кайрылуу зарыл жана өзүн өзү врачтын көрсөтмөсүсүз дарылоого тыюу салынат. Тамак-аштан ууланууга ботулизм жана стафилококк уусу менен уулануу кирет. Анткени стафилококктор тамак-ашка түшкөндө өзүлөрүнөн уу бөлүп чыгарат. Анын уусу жылуулукка өтө туруктуу келет.

СтафилококкОңдоо

Стафилококктордон тамак-аш аркылуу уулануу көпчүлүк учурда булганган кондитер (кремдүү) азыктарды, таттуу быштактарды жана башкалар жегенден кийин болот. Тамак-ашка стафилококктор көбүнчө чыйкан жана башкалар теринин ириңдүү оорусу, ангина, ларингит, бронхит жана башка менен жабыркаган кишилерден (ашпозчу, кондитер жана башкалар) жугат. Сүттүн стафилококк микробдору менен булгануусу уйдун эмчегинин ириңдеп сезгенип оорушунан болушу мүмкүн. Стафилококктон ууланууда оорунун жашыруун мезгили 2—3 сааттан ашпайт. Оорулуу өзүн жаман сезип, чемирчектин асты ооруп, окшуп кусат. Кийинчерээк ич өтөт. Анын жеңил түрүндө эти ысыбайт, оорулуу 1—2 күндө сакаят. Кээде оор түрү кезигет. Бул учурда оорулууну тез ооруканага жеткирүү зарыл. Дароо карынды тазалап, ичке, колго, бутка жылыткыч коюп, ысык кофе, чайды көбүрөөк берүү керек. Ууланууга окшош белгилер (ичтин оорушу, кусуу) карынды тазалоого, ичке жылыткыч коюуга болбой турган сокур ичегиде жана он эки эли ичегинин жараларында да байкалат, ошондуктан аны так аныктоо зарыл.

Алдын алууОңдоо

Тамак-ашты даярдоодо жана сактоодо гигиеналык эрежелерди сактоо — Тамак-аштан уулану алдын алуучу негизги чаралар, Ботулизм, Ичеги инфекциялары, Тамак-ашты сактоо.

Колдонулган адабиятОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8