Тамга (түшүнүк) – 1) уруулардын өз алдынчалыгын көрсөткөн өзгөчө белги. Негизинен адыге, абхаз, абазин, татар, карачай, балкар, башкыр, кыргыз, осетин, ногой ж. б. урууларда кезигет. Тамга белгиси качан пайда болгону тууралуу так маалыматтар жок. Айрым окумуштуулардын пикиринде монгол тилинен («дамга») кирип, тамгалоо, тамга салуу, тамга уруу, эн салуу же «мөөр» басуу ж. б. бир нече түшүнүк берет. Этнографиялык изилдөөлөр боюнча тамганын алгачкы белгилери геом. фигураларга (төрт бурчтук, үч бурчтук, бурч ж. б.), ырым-жырымдарга байланышкан пиктограммалар, эмгек шаймандары, курал-жарак, ат жабдыктары, канаттуу куштардын фигурасы ж. б. аркылуу кабыл алынган деп эсептелет. Орто азиялык уруулардын тамгасы тууралуу алгач Таң ( 唐)династиясынын (618–907) учурунда кездешип, анда түрк урууларына тиешелүү 36 белги бар экени көрсөтүлөт; 2) белги катарында көбүнчө ысык темир менен басып түшүрүлгөн из, так. Малга тамга басуу ошол уруунун менчиги экенин гана далилдебестен, анын баалуулугун жана асыл тукумдуулугун таанууга мүмкүнчүлүк берген. Тамга мурас катары сакталып, бир уруктун тамгасы 2-уруктукуна окшогон эмес. Эгерде тамганын сүрөтү окшош болсо, анда анын малдын денесине жайгашуусу (мисалы, жылкынын оң-сол саны, оң-сол колу, койдуң оң-сол тумшугу ж. б.), аталышы башкача болгон. Уруктар майда үй-бүлөлүк топторго бөлүнгөндө малдын кайсы топко же адамга тиешелүү экендигин айгинелеш үчүн эн салышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү