Тамекичилик – дыйканчылыктын бир тармагы; тамеки өстүрүү. Тамеки дүйнөдө 100дөй өлкөдө (АКШ, Австралия, Испания, Франция, Германия, Италия, Индонезия, Түркия ж. б.) эгилип, жылына 5 млн тоннага чейин дүң түшүм алынат. КМШ өлкөлөрүндө Россия, Грузия, Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстанда эгилет. Тамекинин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу жерди иштетүүнүн ыкмасына, комплекстүү механикалаштырууну кеңири колдонууга, жаңы сортторду чыгарууга ж. б. иш-чараларга байланыштуу. Кыргызстанда тамеки 1899-жылдан эгилет. Тамеки Талас өрөөнү менен Ош областынын айрым райондорунда айдалат. Кыргызстандын түштүгүндө үч (Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр) тамеки ферменттөө заводу иштейт. Кыргызстанда тамекинин Дюбек 44-0,7, Самсун 4–28, Американ 287- С, Taлгар 25 сорттору өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү