Тамилдер

түштүк азиядагы калк.

Тамилдер - (тамил. தமிழர்) Түштүк Азиядагы эл. Индия, Шри-Ланка, Малайзия, Бирма, Сингапур, Австралия жана Океа- нияда жашайт. Саны 76 млн (2011). Тамил тилинде сүйлөшөт. Көбү - индуизм, азы - ислам динин тутат.

Тамил Илам

Жайгашуусу түзөтүү

Тамилдер - Индияда жана Шри Ланкада жашай турган калк.

 
Азыркы Тамилдер турактуу картасы.

Тарыхы түзөтүү

Биздин заманга чейинки III кылымда, Тамилдердин «Чола», «Чера», «Пандья» мамлекеттери болгон. XIV кылымда Тамилнад («тамилдердин жери») Вижаянагар империясынын курамына кирген. XVII кылымда ал көптөгөн мамлекеттерге бөлүнүп кеткен.

 
Вижаянагар империясынын картасы.

Антропология түзөтүү

Тамилдер антропологиялык жактан түштүк-индия расасына кирет. Дравиддер (негизинен Түштүк Индияны мекендеген телугулар, малаяли, каннара ж. б. элдер) менен байланыштуу келип чыккан. Б. з. ч. 3-кылымда эле Тамилдердин Чола, Чера жана Пандья мамлекеттери белгилуу болгон. 14-кылымда Тамилнад («тамиль жери») Вижаянагар империясынын бир бөлүгүнө айланган. Тамилдердин 80 %и айыл чарбада иштейт. Кол өнөрчүлүк, искусство өнүккөн.

 
Тамилдер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.