Тамим ибн Бахр Мутавва'и (Мутавваъи) – орто кылымдардагы арап мусулман саякатчысы жана элчиси.

Кыскача таржымакалы түзөтүү

Тамим ибн Бахр Мутавваъи (Мутавва'и) Багдат халифатынын чек ара аймактарынын биринде туулуп өскөн.

Ал 808-ж. Ортоңку Чыгыштан чыгып, азыркы Кыргызстан аймагы аркылуу өтүп, чыгыштагы Уйгур кагандыгынын ордо шаарына чейин саякаттап барган. Бул кагандык азыркы Монголия аймагында жайгашкан.

(Башкыр чыгыш таануучусу Ахмед Зеки Велиди Тогандын оюнча, Тамим ибн Бахр 808-жылы эмес, 751-759-жылдардын аралыгында Орхонго барып, уйгур каганы Байан-Чор (Моюн-Чур, 746-759-жж. бийлеген) менен жолуккан. Бирок Тогандын бул жоромолу эч кандай тарыхый фактка негизделген эмес).

Тамим ибн Бахр тогуз огуздардын каганы өз чебинин төр жагына алтын чатыр тигип алганын да белгилейт (арап географы Ибн ал-Факих бул маалыматты Тамим ибн Бахрга шилтеме кылып жазган).

9-кылымдын 40-жылдары кыргыз каганы Уйгур каганатына кол салганда да, кыргыздар жиберген ултиматум катта “алтын боз үй” тууралуу сөз болот.

Тамим ибн Бахр Ысык-Көлдөгү Барскан шаарын “Жогорку Барскан” деп белгилеген (анын арапча жазмадагы маалыматындагы “Барсхан” деген жер аталышын айрым мусулман географтары туура эмес жазып, Нушажан деген тарыхта жок топонимди сунушташкан).

Т. и. Б-нын маалыматына караганда, тогуз огуздардын (бул жерде уйгурлардын) түштүгүндө “түрк өлкөсү” (Ганьчжоудогу шато-түрк элинин өлкөсү болушу мүмкүн) жайгашкан.

Тамим ибн Бахр түрк калктарында аба ырайын өзгөртө турган “жай таш” болгонун да эскертет. Бул “жай таш” тууралуу уламыш кыргыздын “Манас” дастанында да камтылган.

Т. и. Б-дын маалыматтары бизге Ибн Хордабех, Кудама, Ибн ал-Факих, Йакут ж. б. авторлордун эмгектери аркылуу гана жеткен.

Адабият тизмеси түзөтүү

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Ибн ал-Факих. Ахбар ал-Булдан (Известия о странах). Ереван. АН АрмССР. 1979
  • Сведения Тамима ибн Бахра ( VIII-IX вв.) // Материалы по истории Средней и Центральной Азии X-XIX вв -Ташкент, 1988.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү