Тамыр-сабак (rhizome) – көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнүн жер алдындагы сабагы. Тамырдан айырмасы түрпү сымал майда жалбырагы бар, тамыр капкакчасы жок. Жалбырак колтугунда жыл сайын жер алдындагы жаңы өркүн, кошумча тамыр берүүчү бүчүр пайда болот. Ошондой эле жагымсыз шарттардан өсүмдүктүн жер үстүндөгү бөлүгү (кургакчылык, мал көп оттоп кеткенде же чөптү чаап салганда ж. б.) жок болгондо жаны өркүн өсүп чыгат. Кээ бир өсүмдүктөрдүн тамыр сабагы кыска (ат конок, ак сокто), айрым өсүмдүктөрдүкү (сойломо буудайык, камыш) узун, бутактанган. Кургак зат топтоо жана вегетациялык көбөйүү кызматын да аткарат. Айрым өсүмдүктөрдүн тамыр сабагы жооноюп, аларда түймөк пайда болот. Кээде тамыр сабакта дары зат (мышык тамыр), боёк (бийик карындыз), өңдөөчү (кымыздык) заттар болот. Тамыр сабагы узун өсүмдүктөрдү кумдуу жерди бекемдөө үчүн отургузат.

Phyllostachys bambusoides.
Iris sp.

Колдонулган адабияттар түзөтүү