Танитра, тантризм (санскрит तन्त्र, «Тантра» – система, келеп жип, текст ж. б.) – байыркы Индиядагы диндик-философиялык окуу.

Бул көз караш эң мурда аял кудайларына жана мол түшүм берүүнү камсыз кылууга багытталган магиялык ырым-жырымдарга сыйынуу менен байланышкан. Тарыхтын жүрүшүндө кийин пайда болгон диндердин таасири астында Т. түрүн өзгөрттү: буддалык, шиванисттик, шакисттик, вишнуисттик Т-зм келип чыкты. Орто кылымдагы Т. Адвайта-веданты майя жөнүндөгү окууга каршы багытталган ж-а дүйнө реалдуу ал эми анын эволюциясы рухтук негизден башталат деп билген. Тантаристер дагы микро ж-а макрокосмостун түзүлүшүн окшош деп эсептешип, адамдын жаратылышты аңдап-билүүсүнө ачкыч табууга аракеттенишкен. Алар бүткүл индиялыктарга да кайрылышып, адепки общиналык идеологиянын маанилүү белгилерин сактап калууга чакырышкан. Т. индия философиясынын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизген. Мис., эң алгачкы Санкхңя окуусунун идеялары анын таасири астында калыптанганы байкалат. Т-нын таасири индуизм реформатору Рамакришнага, философ Вивеканандага, дин ойчулу Гхошко, жазуучу Тагорго ж. б. да тийген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү