Танк аскери – негизги куралы танк болуп саналган жөө аскерлер күчүнүн бир бөлүгү. Азыркы учурда жогорку ылдамдыкка ээ болуп, күчтүү ок атуучу куралдар менен жабдылып, бекем броняланган танк аскери көпчүлүк мамлекеттердин (анын ичинде Кыргызстандын) согуштук коргонуу ишинде маанилүү ролду ойнойт. Анын курамы өзү жүрүүчү артиллериялык установкалар, бронетранспортёрлор ж. б. броняланган техникалар менен да толукталат. Мындан тышкары танк аскеринин курамына моторлоштурулган аткычтар, ракеталык, артиллериялык, зениттик, инженердик, ж. б. аскер бөлүктөрү кириши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү