Тантал рудалары - курамында экономикалык жактан казып жана бөлүп алууга арзырлык тантал бар минералдардын табигый чогундусу.

Тантал рудаларынын негизги минералдары: колумбит-танталит (курамында Та205 30-45%ке чейин), танталит жана манганотанталит (45- 80%), вожинит (60-85%), микролит (50-80%). Тантал-ниобий рудасындагы Тантал рудаларынын баалуу минералдары: колумбит (5-30%), гатчёттодит (8- 28%), танталдуу пирохлор (1-4%) жана башкалар.

Өнөр жайлык маанисине карай бир нечө түргө ажыратылат.

  • 1) Сейрек металлдуу натрий-литий пегматит кени. Уз. жүздөгөн .идеи 1-2 кмгв созулган тилкеленген тарамдуу, курамында альбит, микроклин, кварц, аз санда сподумен же петалит бар.
  • 2) Сейрек металлдуу курамында тантал кездешүүчү гранит. Анчалык чоң эмес шток, казанбак түрүндө жайгашат.
  • 3) Убөлөндү кыртыштардын аллювий, делювий, пролювий чекмедердегү чачынды кени.

Тантал рудалары гравитация, флотация методдору менен байытыдат, байытылган концентратта 13-40% Ta2Og болот. Ири кендери Канада, Бразилия, Нигерия, Түштүк Родезия ж. б. өлкөлөрдө бар. 1973-ж. танталдын дүйнөлүк өндүрүшү 900 тта (анын 600 гсы АКШда) жетти.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.