Тар
Тар (хинди थार मरुस्थल, Тхар) — Индия менен Пакистандагы чөлдүү жана жарым чөлдүү аймак. Инд дарыясынын төмөнкү агымынын сол жээгин бойлой 850 кмге созулуп жатат.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/bd/Thar_Desert_satellite.jpg/220px-Thar_Desert_satellite.jpg)
Аянты 300 мин км2. Бийиктиги 100–200 м. Сейрек өсүмдүк менен капталган кум жалчалар, бархандар, дюналар, сапырылма кумдуу аймактар мүнөздүү. Оён жерлеринде шор, такыр, туздуу көлдөр кездешет. Климаты тропиктик муссондук. Жаан-чачындын саны 200 ммден (батышта) 900 ммге чейин (чыгышта). Май-июнь айларында абанын температурасы 50°Сге жетет. Чаңдуу шамалдар болуп турат. Сейрек бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жайытта багылуучу мал чарбасы, оазистер менен Инд дарыясынын өрөөнүндө сугат дыйканчылыгы өнүккөн.
Галерея
түзөтүүБулактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9